
Блогерлер камерага кечирим сурашты, экспертизалар башталды
Бишкек ГУВДсынан берилген маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин жана ГКНБнын кызматкерлери кыргыз тилин видеосунда шылдыңдаган бир нече блогерди кармашты.
Социалдык тармактарда коомдук резонанс жараткан видеоматериал пайда болду. Бул окуя Бишкек ГУВДсынын автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган жана ушул себептен улам алдын ала териштирүү башталды.
СПЭНМ ГУВД жана ГКНБнын кызматкерлери жүргүзгөн оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө видеого тартылган адамдардын жеке жактары аныкталды. Алар Т.К., С.С. жана М.М. болуп, баары 1991-жылы төрөлгөн. Алардын жеке жактары аныкталгандан кийин кармалып, ГУВДнын Тергөөнү кызматына өткөрүлдү", - деп билдиришти ведомстводон.
Учурда кармалгандардын аракеттерин юридикалык баалоо үчүн экспертизалар дайындалды жана кошумча текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.
Сүрөт www