Депутат маалымдагандай, коомдук мейкиндикке чыккан маалымат анын жеке жашоосуна тиешелүү жана юридикалык бааланы талап кылат.
«Айтылган айыптоолор бир тараптуу жана юридикалык баалоону талап кылат. Эгер мен болгон окуянын өз версиясын айтсам, мени сынга алган көпчүлүк башка жагдайларды ойлонушу мүмкүн. Бирок мен муну кылууну каалабайм, ошондуктан бардык чындыкты билбестен шашылыш жыйынтык чыгарбоону өтүнөм», — деди ал.
Сулайманов учурда анын күнөөсүн тастыктаган сот чечими жок экенин баса белгиледи.
Ал коомчулукту жана ЖМКларды тиешелүү органдар чечим кабыл алынганга чейин шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды.
Ошондой эле депутат кырдаалды толук жана объективдүү караууга даяр экенин билдирди.
Эскерте кетсек, Асель Азаматова Сулаймановдун системалуу зомбулугу боюнча айыптоолорду койгон. Бишкек ШИИБи учурда бул иш боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатканын жана аялга коргоо ордери берилгенин маалымдады.