
Кармалган адамдан «Альфа ПВП» наркотиги табылды
Кыргызстанда Казакстандын жараны кармалып, анын колунан 5 килограмм синтетикалык наркотик табылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.
Спецкызматтын пресс-релизинен маалым болгондой, кармоо 8-февралда болгон, шектүүнүн колунан «Альфа ПВП» деп аныкталган зат алынган.
Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда бул иш боюнча тергөө улантылууда.
Сүрөт www