Бекназаров президентти анын кадрдык чечимдери үчүн сындоонун орунсуз экенин баса белгиледи.
"Заң жагынан алганда, ал туура. Мен мында эч кандай трагедия көрбөйм. Мен да ушундай кырдаалда болгонумду, мени да кызматтан бошотконун, кээде алты айдан кийин жумуштан бошотконун көргөм", - деди коомдук ишмер.Бүгүн, 10-февралда, президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди өкмөт башчынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгону белгилүү болду. УКМКнын башчысынын милдетин убактылуу Жумгалбек Шабданбеков аткарат.