
Күчтүү жамгырлардын кесепетинен Бразилияда 30 адам курман болду. Табигый кырсыктар Минас-Жерайс штатында болуп, сел жана жер көчкү байкалууда, деп билдирет CNN Brasil телеканалы.
Маалыматка ылайык, урунган конструкциялардын астынан 13 адам чыгарылган. Жалпысынан 208 жабыркаган адам куткарылды. 39 адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө, ал эми 440 бразилиялык үйсүз калды — бийлик аларга финансылык жардам көрсөтөбүз деп убада берди.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн операцияларга Куралдуу күчтөр тартылды, анын ичинде аскердик вертолеттор жана техника.