
Полициянын маалыматына ылайык, рейддин алкагында көчөлөрдө алкоголдук мас абалда жүргөн жарандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлдү.
УВДнын сүрөтү
Керек болсо, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мындай жарандарды туугандарына өткөрүп берүүгө же атайын башпаанектерге жайгаштырууга жардам беришет.
Бул профилактикалык иш-чаранын негизги максаты коомдук жайларда тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун жогорулатуу жана ар кандай укук бузууларды алдын алуу болуп саналат.