Таласта мал уурдоого шектелген эркек кармалды

Сергей Мацера Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Таласта мал уурдоого шектелген эркек кармалды


Талас облусунда мал уурдоого шектелген эркек кармалды. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 42 жаштагы Т.Н. аттуу жаран 13-15-мартта өткөрүлгөн "Мал уурдоо" операциясынын алкагында кармалган.

Ал Талас облусунда мал уурдоого байланыштуу бир катар кылмыштарга шектелүүдө. Ага каршы 2026-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон жана анын кайда экендиги белгисиз болгондуктан, издөө жарыяланган.

Жеке текшерүү учурунда кармалган жарандан эки мобилдик телефон, бычак, силикон маска, перцовый баллончик жана башка тыюу салынган буюмдар табылган.

Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: