Окуя 18-июлда орун алып, жергиликтүү тургун К. Г. (1986-жылы туулган) Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Redmi Note 14 моделиндеги эки смартфон жана Note 14 Pro моделиндеги бир смартфон уурдалганы тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 205-беренеси "Уурулук" боюнча кылмыш иши козголуп, жакында шектүү М. Э. (1991-жылы туулган) кармалды.

Ысык-Көл облусунун УВДсынын пресс-кызматынын сүрөтү.
Алдын ала сурак учурунда кармалган киши кылмыштарды жасаганын толук моюнуна алып, ошол эле дүкөндө мурда жасалган 29 уурулук тууралуу айтып берди.
Учурда кылмыш ишинин материалдары сотко өткөрүлүп, ары карай каралууда.