
Кармалган адам пайда алып келүүчү биргелешкен бизнес сунуштады
Бишкекте алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын 1-октябрында 1988-жылы туулган З.П. аттуу жаран Гагарин көчөсүндөгү алмашуу пункттардын биринде арыз берүүчү Ж.К.га Токмакта кант жана күрүч сатып алуу менен байланышкан биргелешкен бизнес идеясы менен чыккан, анын үчүн 2 миллион 950 миң сом алган, акчаны бир айдын ичинде кайтарып берүүгө убада кылган. Бирок, андан кийин ал изин жоготту.
Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
З.П. кармалып, ИИМдин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
сүрөт www