
Окуя алкогольдук мас абалында болду
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан берилген маалыматка ылайык, Токмакта үй-бүлөлүк зомбулук окуясы болгон. 1976-жылы туулган И.А. аттуу аял уулу 1992-жылы туулган И.С. тууралуу милицияга жардам сурап кайрылган.
Анын айтымында, уулу алкогольдук мас абалында физикалык күч колдонуп, натыйжада ал денесинен жаракат алып, сол колунун сынуусун алган. Жаракаттын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн.
Окуя менен байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 177-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Күмөндүү адам кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Учурда болгон окуянын жагдайларын иликтөө улантылууда.
Сүрөт www