
Маалымат булактарына ылайык, Токмок милициясына 1976-жылы туулган И.А. аттуу аял кайрылган. Ал 1992-жылы туулган уулу И.С. октябрь 2025-жылы алкогольдик мас абалда анын денесине зыян келтиргенин, натыйжада анын сол колу сынганын билдирген.
Чүй облусунун ИИБнин сүрөтү. Токмокто энесине жаракат берген уул кармалды
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарына ылайык, И.А.нын ден соолугуна келген зыян аз болгон.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 177-беренеси "Үй-бүлөлүк зомбулук" боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Учурда тергөө иштери уланууда.