Бишкектеги мейманканада кызды бычактап кетишти. Жигити кармалды.
Кыргызстандын борбору Бишкекте трагедия болду: Кулиев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде кыз бычактан жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү милиция маалымдады. Окуя тууралуу маалымат 26-январь күнү таңкы саат 09:00 чамасында укук коргоо органдарына келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышты.