
Ишти карап чыгуу натыйжасында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесине ылайык, башка адамдын жер участогун мыйзамсыз ээлеп алуу жана айыл чарба максатындагы жерлерде алардын максаттуу пайдаланылышын бузуу боюнча кылмыш иши козголду.
Сокулук райондук жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, аталган участок жер амнистиясына кирбейт жана айыл чарба максатында пайдаланууга арналган.
Оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн жеке башын аныкташты — ал 1961-жылы туулган Д.Г. аттуу жаран. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүндө ошондой эле 15 жарандан окшош арыздар катталган, алардын материалдары иштин бардык жагдайларын аныктоо үчүн текшерүү стадиясында турат.
Кармалган адамдын аракеттеринен жабыркагандар Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнө кайрылышы же 0997777993, 0705818182 телефон номерлери аркылуу байланышышы мүмкүн.