
Маалыматтарга караганда, келишим түзүлгөндөн кийин шектүү мобилдик телефонун өчүрүп, белгисиз тарапка жок болуп кеткен.
Ар бир арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын натыйжасында укук коргоо органдары шектүүнүн жеке өздүгүн аныкташкан. Ал 1975-жылы туулган A.А. болуп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылган.
Тергөө процессинде A.А. жарандыгынын Сокулук районундагы бештен ашык окшош кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн экени аныкталган. Азыркы учурда анын Чүй облусунда жана Бишкекте башка окшош кылмыштар менен байланыштуу болушу текшерилүүдө.
Тергөө уланууда.
Бул адамдын аракетинен жабыркагандарды Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнө же төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылууга чакырышат: 0997777993, 0705818182.