Серийдүү зордуктоо жана өлтүрүү боюнча айыпталган Кумарбек Абдыров СИЗО-1 камерасында өлүп табылды
7-февралда СИЗО-1 камерасында 1984-жылы төрөлгөн Кумарбек Абдыров өлгөн абалда табылды. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ГСИН) маалымат кызматы бул маалыматты «Сводка АКИpress» редакциясына тастыктады. Ведомстводон кошумчалашкандай, «кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет».