
Поп-музыкант Бритни Спирс Калифорнияда жол полициясы тарабынан мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалды. Вентура округунун шериф башкармалыгы Түштүк Калифорнияда кармоо тууралуу маалыматты тастыктап, бул тууралуу басма сөзгө билдиришти, деп жазат BBC News.
Бритнинин өкүлү бул кырдаалды комментарийлеп, артисттин жашоосунда кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгиледи.
«Биз бул анын жашоосунда узак убакыттан бери күтүлгөн зарыл өзгөрүүлөрдүн башталышы болот деп үмүттөнөбүз. Бул кыйын учурда биз ага бардык зарыл колдоо жана жардамды алууга тилектешпиз», — деди ал.