Токмок шаарындагы ооруканада мас абалында шуу чыгарган эркек кармалды
5-ноябрда Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы хулигандыкка шектелген адамдын кармалышы тууралуу маалымат берди. Окуя 2-ноябрдын түнүндө болгон. Түнкү саат 00:30 чамасында Токмок — Кошой трассасында укук коргоо органдары «Тойота Ипсум» маркасындагы унааны токтотушкан, анын рулунда 30 жаштагы Ж.А. турган. Айдоочунун алкоголдук мас абалда экенине шектенип, аны Токмок шаарындагы ооруканага медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөтүшкөн.