Сиамдык егиз Кыргызстандан Россиянын жараны болду

Кыргызстандык сиамдык эгиздердин бири Россиянын жараны болду
Гита Резаханова, бөлүнгөн сиамдык эгиздердин бири, жана анын энеси Зумрият Резаханова Россия Федерациясынын жаратына ээ болушту. Россиянын паспортторун Кыргызстандын тургундары 4-мартта РФнын КРдагы элчиси Андрей Крутькодон алышты. Документтерди тапшыруу РФнын Бишкектеги элчилигинде болду.

Кыргызстандан келген сиамдык эгиздер Зита жана Гита Резаханова тууралуу тарыхты дүйнө жүзү көз салып турду. Кыздар 1991-жылы Чүй облусунун Сокулук районундагы Западное айылында төрөлгөн. Эки кыздын үч буту, бир мочевой пузырь жана жалпы жамбашы болгон. 2003-жылы Москвадагы Филатов ооруканасы эгиздерди бөлүү боюнча уникалдуу операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Бир нече жыл бою эгиздер жакшы сезишкен, бирок 2011-жылы Зитанын ден соолугу начарлай баштады. Кыз Кыргызстандын, Грузиянын жана Россиянын клиникаларында дарыланган. Кызына Россияда жеңилдиктер менен медициналык жардам алуу үчүн, эне Зумрият Резаханова Россиянын бийлигине жарандык алуу өтүнүчү менен кайрылган. 2015-жылдын августунда РФ президенти Владимир Путин Резахановдорго Россиянын жарандыгын берүү боюнча указга кол койгон. Бирок Зита документтерди ала албай калды: 2015-жылдын күзүндө кыз полиоргандык жетишсиздиктен көз жумду.

Гита жана Зумрият Резахановага документтерди тапшырып жатып, РФнын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько Зитанын бул күнгө чейин жетпей калганын өкүндүрүп айтты, бирок анын эси дайыма жадында калат. Өз кезегинде, Резахановдор РФ президенти Владимир Путинге Гита үчүн абдан зарыл болгон жарандыкты алууга уруксат бергенине ыраазычылык билдиришти.

- Россиянын жарандыгы жок, Россияда үч жыл дарылануу кыйын болду, - деди Зумрият Резаханова. Эми Гитанын чоң келечеги бар. Азыр ал Ош шаарындагы мусулмандар колледжинде окуп, араб жана англис тилдерин билет. Жакын арада биз Гитамен Москвага дарыланууга жана протез алууга барууну пландап жатабыз.

Кыздын энеси, Россиянын паспорту жок болсо да, клиникалардагы врачтар эгиздерге жардам берүү үчүн бардык аракеттерди жасаганын айтып берди. Россиянын жарандыгын алуу менен Резахановдордун Россиядагы медициналык кызматтарга болгон чыгымдары кыйла кыскартылат жана дарылануу жана текшерүүлөрдү өткөрүү кыйла жеңилдейт. Бирок алар Кыргызстандан Россияга толугу менен көчүүнү пландашпайт жана Россиялык жарандыктан тышкары, кыргыз жарандыгын да сактап калышат.
Оставить комментарий

  • bowtiesmilelaughingblushsmileyrelaxedsmirk
    heart_eyeskissing_heartkissing_closed_eyesflushedrelievedsatisfiedgrin
    winkstuck_out_tongue_winking_eyestuck_out_tongue_closed_eyesgrinningkissingstuck_out_tonguesleeping
    worriedfrowninganguishedopen_mouthgrimacingconfusedhushed
    expressionlessunamusedsweat_smilesweatdisappointed_relievedwearypensive
    disappointedconfoundedfearfulcold_sweatperseverecrysob
    joyastonishedscreamtired_faceangryragetriumph
    sleepyyummasksunglassesdizzy_faceimpsmiling_imp
    neutral_faceno_mouthinnocent