Бишкекте трамвайлар ишке кирет. Алар кайда жүрөт?

Яна Орехова Жергиликтүү жаңылыктар
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте трамвайлар ишке кирет. Алар кайда жүрөт?

Эки трамвай маршруту түзүлөт



Бишкек шаарынын башкы архитекторунун орун басары Азирет Азимов «Биринчи радио» эфиринде жаңы генеральный планга ылайык Бишкекте трамвайлар ишке кирерине билдирди.

Проекттин биринчи этапында 30 чакырымга жакын трамвай жолдорун куруу пландалууда. Жалпысынан эки трамвай маршруту түзүлөт.

Азимовдун айтымында, трамвайлар жаңы «Азаттык Арена» стадионунан башталып, бир нече микрорайондор аркылуу өтүп, шаар борборуна жетет. Бул маршруттар борбордук бөлүктү айланып, Жибек Жолу, Шабдан Батыра, Фучик, Садырбаев жана Ахунбаев көчөлөрү менен жүрөт.

Трамвай линияларынын курулушу качан башталаары Бишкектин жаңы генеральный планы акыркы жолу бекитилгенден кийин белгилүү болот.

Сүрөт www
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

Комментарий жазуу: