Текшерүүнүн натыйжасында навесдин керектүү долбоордук жана уруксат берүү нормаларын сактабастан курулгандыгы аныкталды.



Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча "Маб-Була" курулуш компаниясына мыйзам бузуу боюнча кемчиликтерди жоюу боюнча буйрук берилди. Акырында, мейманкана комплекси ээлери мыйзамсыз курулган навесди өз алдынча бузушту.
КРнын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуш долбоорлорун ишке ашырууда шаар куруу нормаларын жана мыйзам талаптарын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.