Иш-чарага Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин орун басары Курванбек Авазов жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу катышты.
Проект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда жана министрликтин турак жай жана жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.
Башкы пландын негизинде, 4 гектар аянтта төмөнкү объекттер курулат:
- 750 орундук спорт залы жана футбол, волейбол, баскетбол үчүн ачык аянтчалары бар үч кабаттуу мектеп;
- 120 орундук эки кабаттуу бала бакча;
- жаңы микрорайондун тургундары үчүн парк жана эс алуу зонасы.
Мектептин курулушунун жалпы баасы 451 миллион сомду, ал эми бала бакчанын курулушу 96 миллион сомду түзөт.
Курванбек Авазов бул проекттин ишке ашырылышы тез өсүп жаткан аймакта социалдык инфраструктуранын өнүгүүсүнө жана анын тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртууга маанилүү таасир этээрин белгиледи.