Лабораториялык анализдер 368 өткөрүлгөн тесттин ичинен 33 тесттин бул вирус штаммына оң жыйынтык бергенин көрсөттү.
Бул жылдын 45-46 жумаcынан баштап ооругандардын санынын өсүшү байкалууда. Адистер жөнөкөй сунуштарды карманууну кеңеш беришет: коргоочу бет каптарды кийүү, колдорду сапун менен дайыма жуу жана антисептиктерди колдонуу, жайларды желдетүү жана адамдардын көп чогулган жерлеринен качуу, ошондой эле 1,5 метрден кем эмес аралыкты сактоо.
Талкууланчу темалар
Гонконг гриппи жана COVID-19: Кыргызстанда кандай вирусар айланып жатат
Оорунун биринчи белгилери пайда болгондо дароо үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылып, дары-дармек кабыл алууда доктурдун көрсөтмөлөрүн аткаруу сунушталат.
H3N2 — бул Гонконг гриппи деп аталган A грипп вирусунун штаммы, ал сезондук эпидемияларды жаратат. Жугузуу жолу — аба-тамчы жана контакттык-быттык; инкубация мезгили кыска (бирден эки күнгө чейин). Белгилери жогорку температура, күчтүү алсыздык, булчуң жана буйнар оорулары, баш оору жана жөтөлдү камтыйт.