Мындан тышкары, ушул эле токтомдун алкагында Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо агенттиги Министрлер кабинетинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп, жаңы аталышка ээ болду — Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо борбору.
Токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Мурда маалымдалгандай, 2026-жылдан баштап, айдоочулукка үйрөтүү мамлекеттик авто мектебинде гана жүргүзүлөт. Жеке авто мектептер өз ишмердүүлүгүн улантат, бирок мамлекеттик мекемелер менен өнөктөштүктө гана.
- Эми айдоочулукка үйрөтүү курсу 14 айга созулат.