
Бийликтин маалыматына ылайык, Жибек Жолу проспектиси менен Осмонкула көчөсүнүн бурчунда, ижара мөөнөтүнүн аякташы менен байланыштуу комиссиянын чечими боюнча убактылуу объектилер жоюлууда.


«Жалпысынан 6 капиталдык курулуш жоюлат, бул муниципалдык жердин 700 квадрат метрин бошотууга мүмкүндүк берет. Бул жерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү пландалууда. Мэр Айбек Джунушалиевдин демилгеси менен Бишкекте шаардагы бардык мектептердин аймактарын тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча кеңири иштер жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын башынан бери 9 миңден ашык объектилер жоюлган», — деп белгилешти мэриядан.