
Келечектеги жумада кар жана жаан күтүлүүдө
Кыргызгидромет тарабынан берилген маалыматка ылайык, 8-10-декабрь күндөрү өлкөдө аба ырайынын кескин начарлашы күтүлүүдө.
Республика боюнча көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт, ал эми айрым жерлерде туман болушу мүмкүн. Батыш тараптан соккон жел айрым райондордо секундуна 15-20 метрге жетиши ыктымал. Жолдордо кар күрттөлүп, муз тоңуп калуу коркунучу да бар.
Сүрөт www