Кыргызгидромет 18-декабрдагы аба ырайынын жыйынтыгын жарыялады.
Метеорологдордун маалыматына караганда, өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы күтүлүүдө. Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда тайгак жана жер-жерлерде туман болушу мүмкүн.
Батыштан соккон жел 4-9 метр секундга чейин жетет, ал эми айрым жерлерде 15-20 метр секундга чейин жетиши мүмкүн.
Ар түрдүү региондордогу абанын температурасы:
- Чүй облусу: -1…+4°C
- Талас облусу: -1…+4°C
- Баткен облусу: +3...+8°C
- Ош жана Жалал-Абад облустары: +4...+9°C
- Ысык-Көл облусу: +2...+7°C
- Нарын облусу: -3…+2°C