
Бүгүн Бишкекте президенттик балдар шыршасы башталды, ага 490 бала катышты.
Билим берүү министрлиги билдиргендей, жаңы жылга арналган майрамдык иш-чаранын алкагында өлкөнүн бардык бурчтарынан балдар борборго чогулушту.
Билим берүү министринин орун басары Альберт Махметкулов да майрамда болуп, жаш конокторду келе жаткан майрамдар менен куттуктап, окууда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Балдар «Сейтек» улуттук балдар жана жаштар борборуна жана Б. Кыдыкеева атындагы театрга барышып, алар үчүн көңүл ачуу программасы жана «Маугли» театралдаштырылган көрсөтүүсү даярдалган.
Негизги иш-чаралар 19-декабрда Т. Сатылганов атындагы филармонияда улантылат.
Сүрөт www