19-декабрда кабыл алынган №814 документине ылайык, жүк авиаперевозкаларын уюштуруу үчүн, Мамлекеттик "Кыргызаэронавигация" ишканасына, Граждандык авиация мамлекеттик агенттигине караштуу, аба кемелерине аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү берилет. Жеңилдиктер, максималдуу көтөрүү массасы 200 тоннага чейин болгон жана республикадагы аэропорттор аркылуу жүк ташууларды жүргүзгөн аба кемелерине берилет:
- айына 100дөн ашык көтөрүлүү жана конуу болсо - аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифинен 10% жеңилдик берилет;
- айына 130дан ашык көтөрүлүү жана конуу болсо - жеңилдик 15% түзөт;
- айына 150ден ашык көтөрүлүү жана конуу болсо - 20%;
- айына 200 жана андан ашык көтөрүлүү жана конуу болсо - ошондой эле 20% жеңилдик, кошумча түнкү убакта (22:00дөн 06:00гө чейин, жергиликтүү убакыт боюнча) аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алынбайт.