
Чон-Алайдан чыккан Шукур ажы Исмаилов жарандык жана диний жогорку билимге ээ. Ал юриспруденция, ислам укугу жана араб филологиясы боюнча адистешкен, юридикалык илимдер боюнча философия доктору (PhD) даражасына ээ, ошондой эле тарых илимдеринин кандидаты.
ДУМКтун сүрөтү. Шукур ажы Исмаилов Кыргызстан муфтиясынын орун басары болуп дайындалды
Исмаилов диний жана билим берүү тармагында чоң тажрыйбага ээ. Ал Хазрети Осмон Ислам институтунун орун басар директору болуп иштеген, ошондой эле исламдык жана жарандык окуу жайларында кафедраларды жана факультеттерди башкарган. Мындан тышкары, ал ДУМКта илимий-изилдөө институтун жана диний билим берүү бөлүмүн жетектеген.
Муфтиятта Шукур ажы Исмаиловдун ислам билим берүү тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар экендигин жана диний кызматкерлер арасында сый-урматка ээ экендигин баса белгилешет.