Сыдыков Нурбек Абдыкалыкович Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын жаңы орун басары болуп дайындалды.
Бул маалымат Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тарабынан тастыкталды.
Бүгүн, 23-октябрда, Ош Ички иштер башкармалыгынын начальниги Нурланбек Бурканов өзүнүн жамаатына ички коопсуздук боюнча жаңы орун басары Н. Сыдыковду Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык тааныштырды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын орун басары кызматын аркалаган.
- Эрнист Бекташов, коомдук коопсуздук боюнча орун басар болуп иштеген, азыркы учурда Ички иштер министрлигинин Түштүк башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.