Группа Тумар КРи Атай Омурзаков
Бул жылы балдар ар кандай таланттар шоуунун жюрини шокко салып, таң калтырышты, Кыргызстан жана өздөрү тууралуу дүйнөнүн ар тарабынан сүйлөткөнгө жетишти.
Алексей Федосеев
2013-жылдын күзүндө алган жаракаттарынан калыбына келип, ушул жылы жазында Алексей Федосеев WAKO-PRO версиясы боюнча кикбоксингден дүйнө чемпиону болду, бразилиялык Эмерсон Фалькаону жеңип.
Эльдана Сатыбалдиева
Инстаграмда 15 секунддук эң күлкүлүү видеолорду жараткан автор, ал өз аккаунтунда бөлүшөт. Обзор жазылган учурда, анын жазылуучулары 100 миңден ашык, бул болсо чектөө эмес сыяктуу.
Kloop.kg порталы Эльданадан интервью алды:
Евгений Ваккер
Бул жылы велогончу Евгений Ваккер Азия оюндарынын негизги спорттук иш-чарасында – Инчхондогу (Түштүк Корея) күмүш медаль утуп алды. Бул спортчунун Азия оюндарына катышкан тарыхында алты медалы (беш күмүш жана бир коло) болуп калды.
Акимжан Карасаев
Бул өзгөчө жана акылдуу жигит бардык этаптардан өтүп, Comedy Баттлдын финалына чыкты. Ага ийгилик жана жеңиш каалайбыз!
Айзада Марат кызы
Айзада Марат кызы Гарварддын юридикалык мектебине кабыл алынып, краудфандинг кампаниясынын жардамы менен Бостондо окуу жана жашоо үчүн керектүү сумма топтоду. Акчаны бизнесмендер, жөнөкөй адамдар, студенттер, анын ичинде Кыргызстан президенти да жардам беришти. Айзада окуудан кийин мекенине кайтып, эмгек менен карызын кайтарууга убада берди.
Солто Эсенгулов
19 жаштагы бийчи, Тумар КР тобунун мурдагы мүчөсү Солто Эсенгулов Америкадагы America’s Got Talent шоуна катышты.
Смелые женщины в проекте Общественного Фонда «Эргене» «Я победила рак»
Алты эр жүрөк аял оор сыноодон өтүп, оорулары менен катаал күрөшүп, дүйнөгө бул тууралуу айтып беришти. 28-октябрда рак оорусун жеңген аялдарга арналган “Розовая вечеринка” өттү. “Эргене” коомдук фондунун төрайымы Таалайгуль Сабырбекова Кыргызстандагы бардык аялдар Швейцариядан келген маммограф менен текшерүүдөн өтүп, сүт безинин рагын клеткалык деңгээлде эң баштапкы стадиясында аныктоого мүмкүнчүлүк алышарын билдирди.
Азамат Сыдыков
Кыргызстандык таланттуу пианист Азамат Сыдыков ушул жылы майда Нью-Йорктогу Карнеги-холл сахнасында сольдук концерти менен ийгиликтүү дебют жасады. Азамат Сыдыков Сергей Рахманиновдун, Ференц Листтин, ошондой эле Муратбек Бегалиевдин “Кайрык” жана Атай Огонбаевдин “Маш Ботой” чыгармаларын аткарды.
Айыма Айылчиева
15 жаштагы Кыргызстандык мектеп окуучусу Айыма Айылчиева украиналык “Х-фактор” шоуунун бешинчи сезонунун тандоо туруна катышып, жюрини өз таланты менен таң калтырды.
Камчибек Ташиев и Омурбек Бабанов
“Жылдын күтүүсүздүгү” – “Республика” жана “Ата-Журт” саясий партияларынын бириккендиги. Бул союз өлкөгө эмне алып келет?

Бахадыр Кочкаров
Кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров ушул жылы Бразилияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатында мыкты судьялык үчүн ФИФАдан алтын медаль алды.
Аяна Касымова
Кыргызстандык дагы бир 15 жаштагы жылдыз, орус телепроекту “Артист”тын катышуучусу.
Калдарбек Абраманов
Калдарбек Абдраманов – Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүк регионалдык илимий борборунун директору, профессор. Ооруканада электр энергиясы өчүп калганда, кардиохирург ачык жүрөккө жасалган татаал операцияны улантып, 26 мүнөт мобилдик телефон жана фонариктердин жарыгында иштеди.