Бир батирде өрт чыкты
Социалдык тармактарда, Бишкектин Ленин районундагы көп кабаттуу имараттын бешинчи кабатында өрт жана жарылуу болгонун көрсөтүп турган видео жарыяланды.

Табигый кырсыктар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, операция учурунда имараттан 20 адам эвакуацияланган.
Өрт менен күрөшүү үчүн 17:54тө Первомай районунун №4 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм жана №8 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн авто лестница тартылган. Өрт 18:25те өчүрүлгөнү маалымдалууда.
Сүрөт пресс-кызматы тарабынан берилген
