2024-жылдын ошол эле убакыт аралыгына салыштырганда, маяна 19,2 пайызга өскөн. Инфляция деңгелин эске алганда, реалдуу өсүш 10,4 пайызды түздү.
Баш калаа Бишкекте орточо айлык маяна 54 миң 618 сомго жетип, бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.
Кыргызстандын башка аймактарында кырдаал төмөндөгүдөй:
- 46 миң 261 сом — Ысык-Көл облусу;
- 39 миң 934 сом — Нарын облусу;
- 38 миң 725 сом — Талас облусу;
- 34 миң 662 сом — Ош шаары;
- 34 миң 633 сом — Жалал-Абад облусу;
- 33 миң 837 сом — Чүй облусу;
- 31 миң 461 сом — Баткен облусу;
- 26 миң 914 сом — Ош облусу.