Алардын маалыматына ылайык, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына 182,8 миң тонна минералдык тыңайткыч талап кылынат. Атап айтканда, төмөнкү көлөмдөр пландалууда:
- азоттук тыңайткычтар — 96,2 миң тонна (көктөмдөгү талаа иштерине);
- фосфордук тыңайткычтар — 71,5 миң тонна;
- калийлик тыңайткычтар — 15,2 миң тонна.
2025-жылдын 20-январына карата жалпы алып келинген минералдык тыңайткычтардын көлөмү 21,5 миң тоннага жетти. Учурда жеке компаниялардын кампаларында сатуу үчүн 19,2 миң тонна даяр продукция бар.
Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин № 124 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына минералдык тыңайткычтарды алып кирүүнү эсепке алуу чек арадагы фитосанитардык пункттар аркылуу автотранспорт жана темир жол транспорту менен жүргүзүлөт.