
Иш-чаралар кышында да, жайында да өтөт
Нарын облусунда туризмди өнүктүрүү жана региондун туристтик потенциалын жогорулатуу максатында кышкы жана жайкы мезгилдерде пресс-турларды уюштуруу боюнча талкуу болду. Бул тууралуу облустук администрациянын өкүлдөрү билдиришти.
19-январда Нарын шаарында облустун жетекчиси менен туристтик ишмердүүлүк менен алектенген жергиликтүү ишкерлердин ортосунда жолугушуу өттү. Талкуунун жүрүшүндө жергиликтүү жана чет элдик журналисттер менен блогерлер үчүн пресс-турларды уюштуруу маселеси көтөрүлдү.
Нарындын кооз пейзаждарын, тарыхый-мәдени мурасын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу үчүн коңшу өлкөлөрдөн маалымат каражаттарынын жана блогосферанын өкүлдөрүн чакыруу боюнча маанилүү көңүл бурулду.
Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары пресс-турлар үчүн маршруттарды тактап, мазмундуу программаларды иштеп чыгуу сунушун беришти.
Сүрөт www