
Нарын облусунда туристтик секторду өнүктүрүү жана региондун туристтик потенциалын жогорулатуу максатында кышкы жана жайкы пресс-турларды уюштуруу боюнча жолугушуу өттү.
19-январда Нарын шаарында облустун губернатору туризм менен алектенген бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Жыйындын негизги көңүлү жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер менен блогерлер үчүн пресс-турларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө бурулду.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары пресс-турлар үчүн маршруттарды тактап, кызыктуу программаларды иштеп чыгуу сунушун беришти.