
Министрликтин маалымат кызматынын сүрөтү
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстандагы медиа тармагынын абалына жана пикир билдирүү эркиндигине байланыштуу көйгөйлөргө көңүл бурушту.
Министр Мамбеталиев республика сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактап жатканын белгилеп, маалыматты таратууда медиа эркиндиги менен жоопкерчилик ортосунда тең салмактуулукту сактоонун маанилүүлүгүн айтты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө санарип трансформация, дезинформация менен күрөшүү, ошондой эле кесиптик стандарттарды жана медиа сабаттуулукту жогорулатуу маселелери да каралды.
Журналисттердин коопсуздугу, мыйзам чыгаруу демилгелери жана ОБСЕ менен практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү. Эксперттик колдоо, окутуу программалары жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу сыяктуу чаралар талкууланды.