
«Бул мамлекеттик медицина системасын алмаштыруучу эмес»
Саламаттык сактоо министрлигинде министрликтин жетекчилиги жана жеке медициналык мекемелердин директорлору ортосунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар жеке сектордун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган чараларга көңүл бурушту.
«Жеке медициналык сектордун өнүгүшү — бул мамлекеттик системаны алмаштыруучу эмес, анын ишинин маанилүү компоненти. Биздин максат — жарандар өлкө ичинде чет өлкөлүк клиникалардын кызматтарына кайрылбай, сапаттуу медициналык жардам ала турган шарттарды түзүү», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Сүрөт www