

19-январда Кыргыз Республикасынын транспорт жана байланыш министринин орун басары Алмаз Тургунбаев «Кытай – Кыргызстан - Узбекистан» темир жол долбоорунун курулушун текшерди. Ал «Кытай – Кыргызстан – Узбекистан» биргелешкен компаниясынын административдик имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.
Ведомствонун маалыматы боюнча, визит учурунда курулуш-монтаждоо иштеринин этаптары, ошондой эле долбоордун талаптарына жана аткаруу мөөнөттөрүнө ылайыктыгы текшерилди.
Курулуш аянтчасындагы коопсуздук маселелерине, инженердик инфраструктуранын абалына жана объекттин кийинки этапка даярдыгына да көңүл бурулду.
Мындан тышкары, темир жол курулушу боюнча кезектеги жыйын өтүп, анда пайда болгон көйгөйлөр жана алардын чечүү жолдору талкууланды.