Ведомство акыркы жылдары өлкөдө санариптик прогрессти камсыз кылуу үчүн укуктук, институттук жана технологиялык негиздер активдүү түзүлүп жатканын белгилейт, бул мамлекеттик мекемелердин ишине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүнү жана электрондук башкарууну өнүктүрүүнү камсыз кылат.
Министрликтин маалыматына ылайык, IT-ишкерлер күнүнүн датасын аныктоо процессинде ички жана эл аралык стандарттар жана санариптик өнүктүрүү тармагындагы кесиптик багыттар эске алынды.Жогоруда айтылганды эске алып, өлкөнүн туруктуу өсүшү үчүн санариптик технологиялардын маанилүүлүгүн таанып, министрлик Кыргызстанда IT-ишкерлер күнүн 4-апрелде белгилөөнү сунуштайт.