
Кырсыктан бала жабыркады
2026-жылдын 23-январында Бишкек–Нарын–Торугарт трассасынын 36-километри, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жол кырсыгы болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Hyundai Solaris унаасынын айдоочусу унааны көзөмөлдөн чыгарып, жолдон чыгып, даракка урунган. Жол кырсыгынын натыйжасында бир аял каза болуп, дагы эки аял жана бир кыз жаракат алышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4-райондук бөлүмүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге келип, жабыркагандарды жана каза болгон аялдын денесин унаадан чыгарып, тез жардам бригадасына өткөрүп беришти. Учурда жол кырсыгына катышкан адамдардын жеке башын аныктоо жана болгон окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Сүрөт www