
Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн күмөн саноолорун билдиришти, бирок депутаттар бул демилгени колдошту
Чүй облусунда, Ысык-Ата районунда, Дмитриевка айылын Эсиркемиш деп өзгөртүү боюнча демилге пайда болду. Бул тууралуу райондук администрациядан маалым болду.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 30-декабрында айыл өкмөтүнүн башчысына айылдын тургундарынан айылдын атын өзгөртүү боюнча жапырт кайрылуу келип түшкөн.
Жалпы угуу 22-январда өтүп, ага 250дөн ашык адам катышкан. Талкуунун жыйынтыгында маселе айылдык кеңештин сессиясына чыгарылган.
23-январда өткөн сессияда депутаттар айылдын атын өзгөртүүнү жакташты.
Ошентсе да, Дмитриевка айылында жашаган кээ бир тургундар буга чейин социалдык тармактарда бул чечимге каршы экендиктерин билдиришкен, аталышты өзгөртүү туризм жана маданий баалуулуктарга терс таасир этет деп эсептешкен.
Сүрөт www