
Кара-Кульджа районунда кызыл китепке кирген беркутту мыйзамсыз кармоо фактысы катталды. Бул тууралуу Табигат министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Натыйжада мыйзам бузуучу 20 миң сом айыппулга жыгылды, ал эми куш өзүнүн табигый жашоо чөйрөсүнө кайтарылды.
27-январда Ош облустук экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жергиликтүү тургундардын бири беркутту үйүндө зарыл уруксатсыз кармап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Инспекторлор NABU уюму жана Барс-2 тобу менен биргеликте текшерүү жүргүзүп, ээси аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 262-1-беренеге ылайык протокол түзүлүп, мыйзам бузуучуга айыппул салынды. Адистер беркутту жапайы табиятка чыгарды.