
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Төтөнчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Кудайберген Базарбаев казакстандык көрүүчүлөрдүн кыргыз киносуна болгон кызыгуусу чоң экенин белгилеп, "Эне бутунун астында" фильми 2024-жылы Казакстанда прокатта биринчи орунду ээлегенин айтты.
Ачылышта көрсөтүлгөн биринчи фильм "Кара, кызыл, сары" режиссёр Актан Арым Кубаттын лентасы болду. Премьера толгон залда өтүп, көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратты. Иш-чара бир катар казакстандык массалык маалымат каражаттарында чагылдырылды.
Бүгүн көрүүчүлөр "Качкын" драмасын көрүштү.