Бул жыйын президент Садыр Жапаровдун 23-январда айтылган тапшырмаларына ылайык уюштурулду. Катышуучулар курулуш тармагындагы тартип, мыйзамдардын аткарылышы жана куруучулардын жоопкерчилиги, ошондой эле учурдагы көйгөйлөрдү оперативдүү чечүү маселелерин талкуулашты.

Жыйында курулуш тармагындагы нормативдик актыларды тартипке салуу үчүн жаңы методология иштелип чыкты. Ошондой эле катышуучулар курулуш нормаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды билдиришти жана жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты. Мамлекеттик органдар менен курулуш компанияларынын өз ара иштешүүсүн жакшыртуунун мааниси баса белгиленди.
Уюштуруучулар курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү алдын алуу жана оперативдүү чечүү үчүн ушундай жыйындарды уюштурууну пландаштырууда.
Буга чейин президент Садыр Жапаров куруучулардын эрежелерди сактоонун зарылдыгына көңүл бурган. Ал компаниялардын адилеттүүлүгү жана жоопкерчилиги негизги талаптар болушу керектигин белгилеп, кээ бир куруучулардын жарандар алдында милдеттерин аткарбагандыгы жана мыйзамдарды бузганы үчүн нааразычылыгын билдирген.