
«Торугарт» өткөрмө пунктунда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Кытайдан товар ташуу менен алектенген айдоочулар менен жолугушуу өткөрүштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аларга жолдогу жүрүм-турум эрежелери, Жол кыймылынын эрежелерин сактоонун мааниси, коопсуз аралыкты сактоо жана каршы тилкеге чыгуунун коркунучтары жөнүндө эскертишти. Түнкү убакта көңүл буруунун зарылдыгына өзгөчө басым жасалды.
Айдоочулардын маалыматын жогорулатуу үчүн кытай тилинде эскертүү даярдалды.