Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүлөр транспортту жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти тарабынан "Бишкек шаардык транспорту" жана "Тулпар" муниципалдык ишканалары менен кызматташтыкта жүргүзүлүүдө. Жол киресин төлөбөгөн жүргүнчүлөр 1 000 сом өлчөмүндө айыппул алышат.



Текшерүү рейддери күн сайын 09:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Мэрия мындай иш-чараларга даярдык 2024-жылы башталганын, анда окутуу жана түшүндүрүү программалары уюштурулганын белгиледи.
Шаардык бийлик жашоочуларды коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин сактоого жана жол кирени убагында төлөөнү унутпоого чакырды.