
Генералдык план — бул борбордун келечектеги 25 жылдык өнүгүүсүн аныктаган негизги стратегиялык документ. Ал инфраструктура, калкты камсыз кылуу жана жашоо сапатын жакшыртуу сыяктуу маанилүү аспекттерди камтыйт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин түз эфиринде ГУ «Бишкекглавархитектура»нын начальниги Медербек Кыдырмаев билдирди.
Кыдырмаев мурдагы генералдык план 2006-жылы кабыл алынганын жана ал 2025-жылдын декабрь айында мөөнөтү бүтөөрүн белгиледи. Учурда Бишкек шаары жаңы генплан боюнча негизги заказчы болуп, мэриянын көрсөтмөсү боюнча аны жаңылоого активдүү иш жүргүзүлүүдө.
Жаңы документти Санкт-Петербургдогу илимий-изилдөө институту иштеп жатат. 2024-2025-жылдардагы административдик-территориялык реформалардын натыйжасында Бишкектин аянты үч эсе көбөйдү, жаңы айылдар жана турак жай массивдери анын курамына кирди.
Кыдырмаевдин айтымында, генералдык план боюнча иш жүргүзүү учурунда кеңири аналитикалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Специальдуу сайттар ачылып, жарандар арасында сурамжылоолор өткөрүлүп, министрликке расмий суроолор жөнөтүлгөн. Жыйналган маалыматтардын негизинде чечилиши керек болгон негизги көйгөйлөр аныкталып, борбордун келечектеги өнүгүүсүнүн негизги багыттары түзүлгөн.
Жаңы генералдык план боюнча негизги милдеттер жолдордогу тыгындар менен күрөшүү, экологиялык абалды жакшыртуу, социалдык объектилердин жетишсиздигин жоюу жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат. Ошентип, генералдык план шаардагы учурдагы көйгөйлөрдү эффективдүү чечүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.