
Мындай участоктордун санариптик реестри түзүлөт
Бишкек шаардык кенешинин жыйынында вице-мэр Мирлан Байгончоков мэриянын борбордогу бош жер участкаларын издөөгө ниеттенгенин билдирди.
Ал пландарында санариптик реестр түзүү бар экенин, бул реестрдин кандай жерлер арендада, ал эми кайсылары бош экенин так аныктоого мүмкүндүк берерин белгиледи.
«Биз шаар аймагын санариптештирүүнү каалайбыз, бул аркылуу жер участктары тууралуу актуалдуу маалымат беребиз», - деп кошумчалады чиновник.
Сүрөт www