
Ноокен районунда алимент төлөөнү узак убакыттан бери көз жаздымда калтырган жаранга мажбурлоо чаралары колдонулду. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан маалымдашты.
Ведомствонун маалыматы боюнча, эркек киши 351 224 сомдук карызды жыйнаган, милдеттерин аткаруудан качып жүргөн. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана ар кандай таасир чараларын колдонууга карабастан, карызкер алимент төлөөдөн баш тартууну уланткан.
Бул жагдайга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Н.Н.С. аттуу жаран камакка алынды.
Ноокен райондук сотунун 2026-жылдын 30-январында чыгарган чечимине ылайык, аталган жаранга бир айлык камакка алуу чарасы тандалды.
Сот аткаруучулар кызматында алимент төлөөдөн качуу жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилигин жаратат деп белгилешти.